super.kg logo

Айыл чарба министри: "Буудайдын үрөнү 85 пайызга, арпа үрөнү 89 пайызга, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100 пайызга камсыздалды"

 

Буудайдын үрөнү 85 пайызга, арпа үрөнү 89 пайызга, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100 пайызга камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"Тилекке каршы, дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөндөрдү себе алышкан жок. Үрөнчүлүк чарбаларыбыздын 50 пайызы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна азыктык буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчубуз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: