Кочкордо мектеп окуучулары 700дөн ашык китеп чогултуп, китепканага өткөрүп беришти





Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ак-Жар айылында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында окуучулар 700дөн ашык китеп чогултуп, айылдын жана мектептин китепканасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - өспүрүмдөрдү жана айыл тургундарын китеп окууга үндөө.
"Бул саамалык жарандардын китеп окуусуна стимул болот. Окуучулар иш-чараны былтыр жаз айларында өткөрүүнү пландап, бирок пандемиянын айынан өткөрүүгө мүмкүн болбой калган. Ошол кезден баштап окуучулар чоң ынтызарлык менен берилип китеп чогултушту.
Иш-чарага айыл тургундары жана коноктор Нуржигит Кадырбеков жана башкалар катышып иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Иш-чаранын соңунда китеп жарманкеси уюштурулуп каалоочулар китеп сатып алып, мектепке жана китепканага тапшырышты", - деп билдиришти уюштуруучулар.
