Үй-бүлөгө жана балдарга кам көрүү борбору мүмкүнчүлүгү барларды кайрымдуулук акциясына чакырат

Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу үй-бүлөгө жана балдарга кам көрүү кайрымдуулук борбору мүмкүнчүлүгү бар адамдарды кайрымдуулук акциясына чакырат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул борборго башпаанексиз, кийим-кечеге, турмуш-тиричилик техникаларына муктаж адамдар көп кайрылат. Ал эми борбор кыш айларында түнөк үй, бир маал ысык тамак менен гана камсыздай алат. Андыктан муктаждардын көйгөйүн чечүүдө Жалал-Абад шаарынын тургундарына кайрылат.
"Эгерде сизде кийилбей калган кийим-кече, колдонулбай калган буюмдар болсо мэриянын кайрымдуулук борборуна алып келсеңиз болот. Аны турмуш-шарты оор адамдарга тапшырып, муктаждыгын чечүүгө салым кошуңуз", - дешти мекемеден.
Борбордун дареги: Исакулов көчөсү 4, болжол менен №7 мектеп. Байланыш номери: 0776 369 203.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.