super.kg logo

Жалал-Абад облусунда кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

 

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жарандардын арыз-даттанууларын жеринде угушууда. Алар жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерине көңүл бурушуп, түшүндүрүү иштерин кошо алып барышууда.

Кылмыштуулуктун алдын алууда жарандардын кайдыгер мамиледе болбой милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле өспүрүмдөргө түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Профилактикалык жумуштар Чаткал РИИБинин кызматкерлери жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да алып барылууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору аба ырайынын суук мезгилдерине карабастан мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Окуучуларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилип, сабактарды калтырбай татыктуу билим алуу зарылдыгы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: