super.kg logo

Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүштү. Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу менен, орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралар планы талкууланууда. Алдыда аталган иш пландарды бекитүү менен, тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруларын белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.03.2021. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажик кошуна керек эмес жаап салгыла чек араны тойгоздуго тажиктер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: