Садыр Жапаров ЭКУ менен кызматташуунун алкагындагы Кыргыз мамлекетинин приоритеттүү багыттарын атады

"Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары Кыргыз Республикасы үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташуунун приоритеттүү багыттарынын бири транспорт тармагы болуп саналат", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта ЭКУнун видеоконференция форматында өтүп жаткан 14-саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, бүгүнкү күндө ЭКУнун максаты - дүйнөлүк экономикалык тутумдун татыктуу жана маанилүү оюнчуларынын катарына кирүү болуп саналат.
Садыр Жапаровдун айтымында, кызматташтыкты жана экономикалык өсүштү, аймактын өнүгүшүн жүзөгө ашыруу максатында экономикабыз үчүн приоритеттүү делген соода, транспорт, коммуникация, энергетика, туризм, экономикалык өсүш, социалдык жыргалчылык жана айлана-чөйрө сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда стратегияларды иштеп чыгып, аны ишке ашыруу керек.
"Кыргыз Республикасы ЭКУнун башка өлкөлөрү менен бирге Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлорун өнүктүрүүгө катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга, Ирандын аймагы аркылуу ачык деңиздерге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондой эле биз ЭКУнун транспорт жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер программасына кирген ЭКУга мүчө-өлкөлөрдүн транспорттук каттамдарын Европанын жана Кытайдын тышкы базарларына чыгууга байланыштырган темир жол курулушунун долбоорлорун илгерилетүүгө өзгөчө маани беребиз", - деди президент.
Ал ошондой эле ЭКУ аймагында жаңы темир жол линияларын куруу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Кытай менен чек арага чейин жаңы темир жолдун долбоорун ишке ашыруу чоң мааниге ээ экенине токтолду.
ЭКУ өлкөлөрүнүн ортосунда энергетикалык ресурстардын соодасын кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледи.
"Энергетиканын өнүгүшү көптөгөн жылдар бою экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, бүгүнкү күндө төрт өлкө - Кыргыз мамлекети, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан CASA-1000 долбоорунун бардык объектилеринин курулушун башташты. Бул долбоор Борбордук Азия жана Түштүк Азия үчүн региондор аралык электр энергия рыногун түзүүнү, ошону менен бүтүндөй континент боюнча электр соодасын өнүктүрүүнү көздөйт", - деп айтты Садыр Жапаров.
Ошону менен бирге өлкөлөрдүн ортосунда айрыкча туризм тармагындагы кызматташтык барган сайын активдешип жаткандыгын өзгөчө белгиледи.
