super.kg logo

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммити болуп өттү

 

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин видеоконференция форматында өткөн ишине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Ооганстан президенти Ашраф Гани, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Иран президенти Хасан Роухани, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев, Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана ЭКУ башкы катчысы Хади Солейманпур катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ЭКУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлерин коронавирус пандемиясынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгуу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, уюмдун бул багытта жигердүү иш алып барууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле саммитте биргелешкен экономикалык, гуманитардык жана соода кызматташтыгын күчөтүү боюнча чаралар талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: