Депутат: "Суусамыр-Арал жолун оңдоо иштери жыл сайын айтылат. Бирок иш башталбай келет"
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр-Арал жолунун абалы өтө начар экенин айтты.
"Аны оңдоо иши жыл сайын айтылганы менен, алгылыктуу иштер башталбай келет. Мына жаз келе жатат. Табияты катаал аймакта жол көйгөйү дагы курчуйт. Суу жууп, араң турган жол дагы талкаланат. Жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн. Бирок каражат качан чечилери белгисиз. Андыктан өкмөт аталган маселеге кайдыгер карабай ишти тездетиши керек", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.