super.kg logo

Аксыдагы массалык уулануу. Дагы 9 адам ооруканага жаткырылды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 6 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Бүгүн, 5-мартка карата дагы 9 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

"4-март күнү Аксы районундагы аймактык ооруканага дагы 9 адам жаткырылды. Ага чейин дагы бир бейтап дарыланып жаткан. Муну менен бүгүнкү күнгө карата бейтапканада 10 адам дарыланып жатат. Абалдары канааттандырарлык", - дешти мекемеден.

Айыл эли 7 адам каза болгонун айтышкан. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ооруканадан үчөө каза болуп, андан тышкары дагы 3 адам үйлөрүндө каза болгонун, дагы бирөө дарыланып жатканын билдирген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын айыл өкмөт башчысы Дөөлөтбек Миңбаев SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын спирт ичимдигине ууланганы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, айылдык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан Бурулкан Эргешова аттуу аял тургундарга сый-чай берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.03.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чай берген да эмесе мынча көп адам арак ичпейт да анан калп эле 8 мартка майрам кылышкан деп койот
Kudi түзөттү 2021-03-05 09:39:56
05.03.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видиосун кордум,Бурулкан дегенинер жашы улуу эле аял экен.Чай бергич болбой,уйундо небере карап,тордо отура турган маалы экен.Ушунча адамдын жанын алып тынбай.
05.03.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүп эле калсын ошол Бурулкан.бул спирт эмес гум помошко келген бекер антисептиктер болуш керек.Ошол сый тамака баргандарда обу жок акылсыз адамдар окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: