Министрлик беш бармак, милиция кош майрам өткөргөн дейт... Аксыдагы уулануу. Бирок алар палоо жешип, жарыштан утуп чыгуу каалоосун айтышкан
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында ууланып 6 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Бүгүн, 5-мартка карата дагы 9 адам ооруканага жаткырылды.
Ал эми SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө 2-мартта уулангандардын чай үстүндө отурган видеосу келип түштү. Анда Жалал-Абад ОИИБи айткан 23-февраль менен 8-март майрамы эмес, алар "жарыштан утуп чыгыңыз" деп каалоо айтып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан беш бармак эмес, палоо жеп жатышканын көрүүгө болот.
SUPER.KG порталы бул тасмада каза болгон адамдар бар болгондугу үчүн тасманы жарыялаган жок, бирок далил катары архивинде сакталат.
Айыл тургундары уулангандар спиртти сууга аралаштырып ичишкенден улам ууланганын айтышууда. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы бүгүн, 5-мартта чыгат, тургундар эмнеден ууланганы так айтылмакчы.





1 |