Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды
Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-март күнү саат 04:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Таргалак айылында 3 балл, Сопу-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.