Өлкөдө бир жыл ичинде жумуртка менен картошканын баасы 1,5 эсеге жогорулады
Жумуртка менен картошканын чекене баасы бир жыл ичинде 1,5 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларына ар күндүк мониторинг жүргүздү.
"4-мартка карата жумурткага болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 105 сом 85 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 38 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми картошканын баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 32 сом 53 тыйынды түздү же 49 пайызга жогорулады.
Ошол эле учурда жумуртканын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп, Өзгөндө (он даанасы 134 сом 8 тыйын), Ноокат (он даанасы 123 сом 69 тыйын) жана Чаек айылында (он даанасы 120 сом). Ал эми картошка Токтогул шаарында килограмм үчүн 35,00 сом, Жалал-Абадда килограмм үчүн 34 сом 70 тыйын жана Кара-Сууда килограмм үчүн 34,32 сом", - деп жазылат маалыматта.
Жумуртканын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу Балыкчы, Токтогул жана Каракол шаарларында. Алар 1,5 эсеге катталып, картошкага - Кербен жана Каракол шаарларында - 1,6 эсеге, ошондой эле Бишкек шаарында - 1,5 эсеге жогорулаган.
