Талас облусуна караштуу Өтмөк ашуусунда унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.
"Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу учурда жол тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан улам жол кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу максатында жол белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Талас районунун Талды-Булак айылында пост жабык", - дешти маалымат кызматынан.