УКМК: "Кара-Көл ИИБинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды"
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ИИБинин башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"2021-жылдын 4-мартында УКМК менен ИИМдин кызматкерлери биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ИИБинин башчысы милициянын полковниги Н.А.А. кармалды.
Такталгандай, кармалган Н.А.А. 2020-жылдын декабрында буга чейин Жалал-Абад облусунун ИИБинин Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган, жасалма каттоо документтери менен 2019-жылы чыгарылган "TOYOTA LAND-KRUZER 200" маркасындагы унааны Орусия Федерациясынын аймагынан Интерпол уурдап кеткен деп катталган" (автоунаанын-эгизин") кызыкдар адамдарга мыйзамсыз берген", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
