super.kg logo

Өлкөдө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү

 

Кыргыз өлкөсүндө акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров маалымат жыйында билдирди.

"Акыркы эки айдын ичинде дагы күйүүчү майдын баасы кескин өсүп жатат. Мисалы, акыркы бир айдын ичинде күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга чейин өстү. Мындай баанын өскөнүнүн себеби биз толук импортко көз карандыбыз. Өткөн жылы пандемия болуп жатканда нефтинин баасы 30 долларга түшүп кеткен болчу. Учурда күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат.

Аны Орусиядан алып келебиз. Орусияда азыркы учурда нефти өндүргөн жайлар, күйүүчү май чыгарган жайларда авариялар болуп, өзүлөрүн камсыз кылууга аргасыз болууда. Бирок эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде күйүүчү май өз убагында келип жатат", - деди Сабиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: