super.kg logo

Аксыдагы уулануу. "Атам спирт ичимдигин ичип, бир суткага жетпей каза болуп калды" дейт маркумдун баласы

 

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун арасында 62 жаштагы Раимберди Нээталиев бар. Маркум буга чейин маалымат булактарында айтылган айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон аялдын сый-чайына барган эмес.

Ал дарыканадан дарылыкка деп ичимдик сатып алып, аны ичкенден кийин бир суткага жетпей каза болуп калган.

Бул тууралуу маркумдун уулу Чубак Раимберди уулу SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, атасы спирт ичимдигин башка жакка караганда баасынын арзандыгына карап сатып алган.

“Менин атам 1958-жылы туулган, 62 жашта болчу. Башкалардан айырмаланып атам көпчүлүк менен чай ичкени барган эмес. Ал алкоголдук ичимдикти дарыканага барып, дарылыкка деп сатып алган. Айылда Бурулкан Эргешовага таандык дарыкана бар. Азыр ал дарыканада мөөнөтү өтүп кеткен спирт ичимдиктери сатылган деп айтылып жаткан маалымат туура жана тастыкталган маалымат. Себеби атам дарыканадан спирт ичимдигин арзандыгына карап, 100 сомго сатып алган экен. Бул спирт ичимдиктери мөөнөтү өтүп кеткендиктен арзан сатылган.

Атам ичимдикти дарылыкка алган, анткени буга чейин да дарылыкка колдонуп жүрчү. Ал эми чайга чакырылып, чай ичкендердин арасынан да адамдар ошол эле ичимдиктин айынан көзү өтүп кетти. Топтолгондорду сыйлаган адам чай ичип олтургандарга "таза спирт, Орусиядан келди" деп айтып, коноктогон экен. Аны билбеген байкуштар ичип алышат. Ал эми кээ бир жактарда каза болгон жарандар тамакка ууланды деп да айтылып жүрөт.

Бирок айтып коёюн, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде чай ичкендердин арасында спирт ичимдиктерин ичкендер гана каза болуп жатат. Ал эми аларды ташыган айдоочулар, спирт ичимдигин ичпегендер эч нерсе болгон эмес. Алар тамак жешкен, эгер тамактан ууланган десек, анда алар да каза болмок да. Бул окуя боюнча айылда күбөлөр толтура.

Атам спирт ичимдигин ичкенден кийин абдан кыйналып, ашказаны ооруп, таң атканча уктабай кыйналып чыккан. Биз ооруканга алып баралы десек, "сакайып кетем" деп такыр болбой койгон. Өлүм күтүлбөгөн нерсе экен, атабызды каратып туруп бир сутканын ичинде ажалга алдырып жибердик.

Атам түнү менен кыйналып чыгып, саат эртең мененки 11лерде үзүлүп кетти.

Азыркы тапта айыл тынчый элек. Негизи каза болгондор алты адам эмес, андан көп. Чай ичкендерден эле алты адам кайтыш болуп жатат. Андан сырткары дарыканадан спирт ичимдигин сатып алгандар дагы бар.

Азыр тургундар "эски товарды эмнеге элге сатат?" деп дарыкана ээсине нааразы болуп жатышат. Айылда "дарыкана ээси лабораториядан тамактан ууланган деген тастыктама чыгартып алыптыр" деп айтып жатышат. Бирок адамдар тамактан ууланса, анда баары каза болуп калмак да. Айыл эли "дарыкананы өрттөйбүз" деп ачууланып жатышат.

Азыр биз да атабызды жоготуп, кабыргабыз кайышып турат. Баары тынчыса, тиешелүү жерге кайрылып, сүйлөшөбүз. Азыр дарыкана ээсин табуу мүмкүн эмес, аны азыр кошунасы да таба албай жатат”, - деди Раимберди уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
05.03.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даарылыка алган спиртти ичкени кызык экен..
05.03.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Спирттин срогу болбойтго, Бир болсо самопал болсо керек.
05.03.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мөөнөтү өтүп кеткенин билсе эртерээк айласын кылса болмок..
05.03.2021. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне эле анан министирлик адаштырып беш бармак, палоо деп жатышат. Далилденип эле турбайбы, андан көрө кайдан келди спирт, кыргызстандын кайсыл тарабына таркап кетти, баарын жок кылгыла да. Шайлоо жакында, майрам башталат кырылып калбасын ичкендин баары.
05.03.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Belek1710,Бизде мыйзам иштечуу беле? Иштебейт да. Бир чондун баласы бироону уруп койсо же олтуруп койсо дагы, жабырланучу кунолуу болот.
05.03.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жапсын дарыканасын,ээсин камасын.Жооп берсин ошончо олумго себепкер болгонун
JaneEr түзөттү 2021-03-05 17:58:44
05.03.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Арак ичпегиле арам.
05.03.2021. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз ынкылаптарынын башаты болгон деп жазыптыр кире беришине, Кыргызстанда тонкоруш эле болуп келе жатат ынкылаптын "ы" сы болгондо адамдар срогу откон спиртке ууланмак эмес.
Kyrc... түзөттү 2021-03-05 19:48:57
06.03.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал спиртти ичип болбойтго негизи аптекадан алганды, китайский деп айтылып жүрөт го
06.03.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Этиловый жана метиловый спирт болот. Бирооусун ичсе жана медицинада колдонулат. Метиловый спирт технический спирт болуп эсептелет,жана ото уу болот. Аптека да мед.спирттин ордуна технический спирт сатылса керек. Аптекарды суракка алыш керек. Эмнеге технический спиртти сатып атат деп. Анан эскирген спирт деген бул шылтоо ,айла жок кулосун да. 100 жыл сакталган контякты ичишип ататко элдер
06.03.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aractin srogu doldoit
08.03.2021. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Технический спирт ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: