super.kg logo

Өкмөттүн насыя алуучуларды үстөк пайызынан бошотуу токтому. Жарандар кээ бир банктар үстөк пайызды төлөсө, кээ бирлери төлөбөй жатканын айтышты

 

Буга чейин өкмөт 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө насыя алгандарды 3 айлык (декабрь, январь, февраль) үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотуу токтомун кабыл алган. 3-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы насыя алган 700 миңден ашуун жарандын үстөк пайыздары төлөнгөнүн кабарлады.

Бирок бул тууралуу эл арасындагы маалыматты бир кылка деп айтууга болбойт, тагыраагы насыя алгандардын кээ биринин үстөк пайыз акчасы төлөнгөн болсо, кээ бир насыя алуучунун үстөк пайызы төлөнгөн эмес.

Бул тууралуу SUPER.KG порталы социалдык тармактын колдонуучулары арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдү. Бул сурамжылоо да эки кылка жыйынтыкты көрсөттү. Анда насыя алган жарандарга кээ бир банктар үстөк акчасын төлөтүп, насыя алуучуга эч кандай жеңилдик болгон эмес. Ал эми кээ бир банктар насыя алуучулардын үстөк пайызын төлөп берген.

Банктардын биринен насыя алган Сайрагүл Дуулатова үч айлык үстөк пайызы төлөнгөнүн айтты. Ал 100 миң сом өлчөмүндөгү акча алып, үстөк пайызды кыскартууга өтүнүч арыздан башка документ толтуруп, кыйналган эмес.

"Мен президенттин 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотуу токтому кабыл алынгандан кийин банкка кайрылгам. Мекемеге токтомго таянып, "мени тизмеге киргизгиле" деген өтүнүч келтирдим.

Алар мени чакырып, кат түрүндө арыз алышты. Анан алар карап көрүп чечим чыгарышып, менин үстөк пайызымды төлөп беришти. Эч кандай деле арыздан башка документке чуркаган жокмун. Мен 100 миң сом акчаны жылына 20 пайыз үстөк менен алгам. Ошондо 3 айлык пайызым 2 миң 200 сомдон 6 миң 600 сом болду. Албетте, бул мага салыштырмалуу жакшы эле жардам болду.

Анан дагы айта кетүүчү нерсе, насыя берүүчү компаниялар биринчи кезекте мурун насыя алып, бирок эч кандай мыйзам бузбай, сумманы учурунда төлөгөндөрдүн үстөк пайызы дароо төлөнө турганын айткан", - деди Дуулатова.

Ал эми Зуура Айталиева аттуу жаран "насыя алгам, бирок менин үстөк пайызым төлөнгөн жок. Бул тууралуу айтсак, банк кийинчерээк төлөп беребиз дешкен. Бирок дайын жок, эч кандай үстөк пайыз төлөнбөдү. Ал эми туугандарым башка банктардан насыя алган, алар үстөк пайызы төлөнгөнүн айтып жатат, бирок мен насыя алган банк үстөк пайызды төлөп берүү тууралуу ойлонгон да жок", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.03.2021. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үстөк пайызды Финка, Бай Бол, сыяктуу ачкенедей болгон банктар төлөгөн жок
05.03.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тологон жок эч кандай, Айыл банк кайра толотуп алды, Элет Капиталга дагы кадимкидей толодук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: