super.kg logo

Өлкөнүн биринчи айымы эл алдына чыкты. Өлкө башчы аймактардан келген айымдар менен жолугушту

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргыз өлкөсүнүн соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи.
Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун, айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолду.
Ал маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто жана башка тармактарда эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдардын калыӊ катары өсүп чыккандыгын кошумчалады.
«Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. „Манас“ эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан», — деп белгиледи президент.
Садыр Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, кайдыгер болбой демилге көтөрүп, өлкөбүздөгү реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.
Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.
«Биз аял - врачтардын, медайымдардын, ыктыярчылардын каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, алдыбызга коюлган жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун андан ары коргойт деп ишенебиз. Биз сиздерди баалайбыз, сиздер менен сыймыктанабыз. Ушул жаркыраган жаз майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту. Президент Садыр Жапаров аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(4)
05.03.2021. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин биринчи айымыбыз Мирзиовдин жубайынанда сулуу экен.
05.03.2021. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне учун бензин кымбаттап жатат? Дегеле бардык нерсе которулуп жатат
06.03.2021. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
stal.ks,
Бензин менен биринчи айымдын эмне тиешеси бар? Тапкан экенсин жаза турган жерди
06.03.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks,доллар которулгон сайын кымбаттай беретта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: