Муфтияттын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө мекендештер BMW унаасын белек кылышты



Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү Сүйүнбек Жусубалиевге Москва шаарындагы мекендештер BMW 325 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, аталган шаардагы мекендештер Муфтияттын өкүлүнө дин аалымдарын Орусияга алып барып, жарандар менен жолуктуруп жатканына ыраазычылык иретинде беришкен.
Өз кезегинде Сүйүнбек Жусубалиев аларга ыраазычылыгын билдирип, дагы да болсо дин аалымдарын жарандар менен жолуктурууну уланта берерин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Бирок Орусияга дин өкүлдөрүн алып келген
Сүйүнбек ажы эмес
Муфтиятта акча толтура, процентке беришип акча туудуруп жатышат, жегени жеп жатышат муфтиятта анысы аз келгенсип BMWны уялбай алышыптыр. Азыр молдолор уялбай деле калышыптыр. BMWын деле сооп болуп бербейт.