Өкмөттүн аппарат жетекчиси: "Мамлекеттин укуктук системин чыңдоо бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат"



Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Жеңишбек Асанкулов "Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза" программасын ишке ашыруунун алкагында программанын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул программаны ишке ашыруунун алкагында 2020-жылы республиканын бардык облустарында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларын жергиликтүү бийлик органдарында колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу" темасында семинар-тренингдер өткөрүлгөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө" мыйзамына карата китеп-түшүндүрмө тапшырылды.
Аталган түшүндүрмө бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарына жөнөтүлөт.
"Мамлекеттин укуктук системин чыңдоо, жашоонун бардык тармактарында укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Кыргыз өкмөтү бардык деңгээлде жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар", - деп жыйынтыктады Жеңишбек Асанкулов.
