Өлкө боюнча бардык окуучулар 1-апрелден тарта кадимки режимде окушат
Бишкекте 9-марттан баштап 2-3-4-класстардын окуучулары үчүн окуу процесси офлайн режиминде, 1-апрелден баштап өлкө боюнча бардык класстарга салттуу түрдө окуу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мектептерде билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.
"Ошону менен катар белгилей кетүүчү нерсе, мектептер ата-энелерден окуу китептерин сатып алууну жана 2021-жылдын 1-сентябрына чейин атайын мектеп формасын кийүүнү талап кылышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги окуу процесстерин толук кандуу жандандырууга даярдыктарды камсыздоосу зарыл. Мындан тышкары "мектеп" медицинасын ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө, ар бир окуучунун ден соолук картасы түзүлөт", - деди Новиков.
Кеңешменин жүрүшүндө мектеп программасынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу маселеси талкууланды, мында табигый илим сабактарына артыкчылык берилет, ошондой эле бала бакчадан, мектептен баштап андан жогору карай билим берүү процессинин бирдиктүү үзгүлтүксүз ырааттуулугу калыбына келтирилет.
