super.kg logo

Ысык-Көлдө 2 оорукананын курулуш иштери башталды

 

Ысык-Көлдө 2 оорукананын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ооруканалардын курулуш иштерине 34 миллион сом кетет жана бул сумма толугу менен "Ас-Сафа борбору" эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат.

"Ооруканалар Санташ жана Кутургу айылдарына курулуп, алдын ала ушул жылдын декабрь айында аякташы күтүлүүдө. Курулган объектилер "Ас-Сафа борбору" тарабынан эл аралык класстагы жабдыктар менен камсыздалат.

Ооруканалардын капсуласын салуу аземине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, "Ас-Сафа борборунун" жетекчиси Ибрагим Мальсагов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: