Бишкекте адашып кеткен кызды милициянын кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен кызды үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-мартка караган түнү болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, 2011-жылы туулган кыз үйүн таппай адашып жүргөндүгү аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, адашып жүргөн кызды кызматтык унаага отургузуп, жашаган дарегин издеп таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-31

10:10
2025-07-31
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.