super.kg logo

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн унаа кармалып, протокол түзүлдү

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

6-март күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 22:20 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кызматкерлер керектүү документтерин текшерүү учурунда 1998-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу унаасынын мамлекеттик номерин атайын жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Ошол эле учурда айдоочулук күбөлүгү да жок болгон.

Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короого токтотулуп, жол эрежесин бузгандыгы жана айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн 2 протокол түзүлгөн. Ал эми жасалма номер менен жүргөндүгү үчүн айдоочу Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: