super.kg logo

Өкмөттө салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйын өттү

 

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип жана тиешелүү аналитикалык системдер менен толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлагандай, премьер-министр бажы тармагын санариптештирүү боюнча канааттандырарлык эмес иштерди белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын баса көрсөттү.

"Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык продукциядан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл", - деди ал.

Улукбек Марипов системдик негизде Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: