super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-Март - Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-Март - Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу Кыргызстандын айымдары! Жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамы менен Ички иштер министрлигинин жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көңүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.
Өлкөнүн соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты. Маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты. Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч, аялзат!
Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы,үй-бүлөдөгү бакубаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!! Майрамыңыздар куттуу болсун!" - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: