super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталгандардын иши сотко өттү

 
"Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган жарандар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундары экени белгилүү. Тергөөдө УКМК видеофонографиялык экспертизанын жыйынтыгынан буга чейин жарыяланган видеодо шектелгендердин үнү экенин далилдеди. 2013-жылдын 31-майында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында массалык баш аламандыкты уюштурган деп кармалган Э.Жунушбаев менен Б.Курмановго 2013-жылдын 7-октябрындагы баш аламандыкты уюштурду деген да айып тагылууда. Иш сотко 8-октябрда өткөрүлүптүр.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: