super.kg logo

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Бишкек аталышындагы каарман ойлоп табылган жомок болушу мүмкүн экенин жазды.

"Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт. Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз. Жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен "Бишкек жомогун" ойдон чыгарып жаза салдым эле деп. Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары-бери талашпай ордо калааны Манас деп койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот. Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят, шаарыбыздын аты фейк деп кантип айтабыз?!" - дейт Каптагаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.03.2021. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тим эле койгулачы Буга дагы Бир кыйла чыгым кетет андан Коро карызды тологуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: