super.kg logo

Өлкөдө кыздар канча жашында турмуш курууга ниеттенишет? (статистика)

 

2020-жылы турмуш курган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Бул тууралуу Аялдардын эл аралык майрамына карата Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн кыздары 18-25 жашында үй-бүлө курууга ниеттенишет.

"Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Алар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Болжолдуу жашоо узактыгы 76 жаш, эркектердики 68 жаш деп белгиленген. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору экени аныкталган.

Орточо статистика боюнча, аялзаты 24 жашында биринчи перзентин жарыкка алып келет. Бир аял негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18-19 жана 25-29 жаш курагында болгон", - деп жазылат комитеттин расмий сайтында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: