super.kg logo

Өлкө аймагында район акимдерин аттестациялоо жакында башталат

 

Өлкө аймагында район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо 11-мартта башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аттестациялоо алгач Нарын облусунан башталат. Аттестация Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында онлайн жүргүзүлөт.

"Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып жатат. Биринчи иш күнүндө жаңы кадр саясаты жөнүндө жарлыкка кол койгон. Биринчи райондук административдик бийлик өкүлдөрүн аттестациялоо 1-марттан баштап акимдердин жана анын орун басарларына резерв тибиндеги ачык сынак жарыяладык. Өкмөттүн, комиссиянын токтому чыкты. Аттестациялоо боюнча жобо бекитилди.

Азыркы учурда аттестациядан өтө турган адамдардын санын, жер-жерлерге кайсы күнү кайсы облуска бара тургандыгыбызды бекиттик.

Бүгүнкү күндө аттестациялоо боюнча үч багытта иш жүрүп жатат. Алгачкысы жобого ылайык, жер-жерлердеги өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (губернаторлор) ар бир аттестациядан өтө турган адамдар жөнүндө жеке сапаттары боюнча мүнөздөмө даярдап, комиссияга жөнөтүшөт. Учурда маалыматтар келе баштады. Экинчиден, мамлекеттик кадр кызматынан, комиссиядан жер-жерлерге барышат. Алар сынак өткөрө турган жерди даярдашат. Ар бир облуска 2 күндөй убакыт кетет экен. 11-мартта аттестациялоо башталса, 11-апрелге чейин уланат", - деди Абдырахман Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.03.2021. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"(губернаторлор) ар бир аттестациядан өтө турган адамдар жөнүндө жеке сапаттары боюнча мүнөздөмө даярдап, комиссияга жөнөтүшөт"-деген менен ошол бир бет кагазды жазып беришбей акимдерди кыйнап жатышбайбы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: