Ооганстанда 300 журналист аял иш таштады
Ооганстанда акыркы алты айда 300гө жакын журналист аял иш таштады. Бул сан өлкөдөгү жалпы аял журналисттердин 20 пайызын түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, журналисттердин бул аракетине өлкөдөгү киши өлтүрүү окуяларынын өсүп баратканы себеп болгон. Ал эмес иш таштагандар Ооганстандан толугу менен чыгып кетүүнү көздөөдө.
Акыркы бир жыл ичинде бул өлкөдө 10дон ашуун медиа кызматкери өлтүрүлгөн. 2-мартта менчик телеканалдын үч аял кызматкери өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясында куралдуу кол салуунун курмандыгы болушкан.
Ооган өкмөтү кол салууларга Талибанды айыптаса, алар бул айыпты четке кагып келишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-31

10:10
2025-07-31
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.