Сүрөткө маани бергенде: Токтогул суу сактагычына куйган Нарын дарыясындагы суунун көлөмү кейиштүү абалда (сүрөт)





Социалдык тармактарда Нарын дарыясына аз көлөмдө эле суу келип жаткан сүрөттөр жарыяланды. Сүрөт Ат-Башы жана Нарын суусунун кошулушунан, Куланак айылына жакын жерде тартылган.
Сүрөттө эки суу кошулганда дагы дарыя аз көлөмдө кетип жатканын көрүүгө болот. Мындан улам SUPER.KG порталы "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиевага байланыштык. Ал Токтогул суу сактагычына суу чындап эле аз көлөмдө келип жатканын айтты.
"Өзүңүздөр көргөндөй, дарыянын чоң куймаларынын бири болгон Ат-Башы суусунун жээги дагы дээрлик бош турат. Нарын дарыясы түздөн-түз Токтогул суу сактагычына агып келет. Суу сактагычка суунун агып келгенинен чыгышы үч эсе көп болуп жатат. Энергетикалык ресурстарга сарамжалдуу мамиле өзүбүзгө керек.
Кеңеш сунуштай кетсек желдетүү жана жылытуу тутумдардын модернизациялоо жана мыктылоо жолдору. Кээ бир учурда энергиянын сарпталышын азайтыууга жөнөкөй каражаттар жардам берет. Мисалы, желдетүү жана жылытуу тутумдарын тазалоо. Натыйжалуу кадам эскилерди заманбап, жаңыларга алмаштыруу. Унааңызды сиз от алган бойдон калтыра албайсыз же телефон менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин сөзсүз өчүрөсүздөр. Анткени ал сиздин ресурсуңуз жана ал керек нерсе. Электр энергиясы бул дагы ресурс, аны үнөмдөөшүңөрдү суранабыз ", - деди Айдаралиева.




1 |