Жогорку Кеңештин төрагасы Улуттук онкология жана гематология борборунун иши менен таанышты








Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, андагы дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле борбордо курулуп жаткан жаңы имараттын курулушу менен да таанышкан төрага, Жогорку Кеңеш оор илдетке кабылгандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү багытында тиешелүү иштерди жасай берерин белгиледи. Анын ичинен мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлөрүн кошумчалап, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнө тийиштүү тапшырмаларды берди.
Аталган жаңы имараттын курулушу үч жылдан бери токтоп турган. Ага ылайык Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөткө имараттын курулушун тез арада бүткөрүү маселесин ыкчамдатууну тапшырды.
Жакында эле борборго орнотулган "түз сызыктуу тездеткичтерди" көрүп чыккан Талант Мамытов оорулууларды дарылоодо колдонулуучу заманбап ыкмаларды жана жабдууларды камсыздоого өкмөт көмөк көрсөтүшү керектигине токтолду.
Андан соң борбордо дарыланып жаткандардан кабар алган төрага ар бирине сабырдуулук жана чыдамкайлык тилеп, тез арада сакайып кетишин каалады.
Ал эми бейтаптар дары-дармектердин наркынын өсүп жаткандыгына, ички авиакаттамдардын билет баасынын жогору экендигине байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүштү. Андан тышкары, оорулуу балдардын ата-энелери, балдарынын жанында болуу үчүн борбордо жатканга шарт түзүп берүүнү өтүнүштү.
Төрага Талант Мамытов айтылган маселелерди эске аларын билдирип, аларды чечүү багытында өкмөттүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөрүн убада кылды.

