super.kg logo

Финполду жоюу тууралуу ликвидациялык комиссия түзүлдү

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу тууралуу чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ликвидация боюнча комиссияга:

ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жөлөк пулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө;

  • кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү;
  • мүлкүн каттоо жүргүзүү;
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны өкмөткө бекитүүгө жөнөтүү;
  • Мыйзамдарга ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү;
  • ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: