"Уялдым". Баткен шаарында өткөн концерттен кийинки театрдын көрүнүшү талкууда




Баткен облусундагы мамлекеттик театрдын ичи концерттен кийин желим баштык, бөтөлкөлөргө толуп калды. Бул тууралуу Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын жетекчиси Курманбек Ниязбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөр менен бөлүштү.
Анда ал 7-март күнү концертке келген шаар тургундары театрды ушундай абалда калтырганын, мындай көрүнүшкө экинчи ирет күбө болгонун айтат.
"Айланайын, баткендик бурадарлар, бул эмне кылганыңар? Биз силерге кандай жамандык жасадык, эмнеге мындай мамиле жасап жатасыңар?
Баткен театрында дээрлик бардык маданий иш-чаралар өтүп келет. Баткен шаарында жападан жалгыз көзгө басар маданий ордо дал ушул театр. Аталган театрда биздин иштегенибиз эле болбосо бул театр элдики, түз айтканда, сиздердики, жалпак тил менен айтканда, баткендиктердики. Баарыбыз аяр мамиле жасап, таза, тыкан кармасак өзүбүздүн эле абийир го. Ар бир спектакль же концерт болгондо ушинтип жеп, ичкен нерселерди алып киргиле, ойдогудай эс алгыла. Бирок отурган жериңерге таштап кетүү одоно орой мамиле эмеспи?! Өзүңүздөрдүн маданият үйүңүздөргө өгөйдөй мамиле жасоо туурабы? Же өз үйүңөрдө да ушинтип отурасыңарбы? Ала келген ошол нерселерди кайра баштыкка салып сыртта турган урнага таштап коюу ошончолук оорбу? Эми мындай көрүнүш качанкыга чейин уланат билбейм. Өтүнүч, маданий ордоңуздарга анчейин орой болбоңуздар?", - деген ал.
Бул көрүнүш кызуу талкууга алынып "Үйдөн тоюп алып барыш керек да, жайытка оттогонго барган малдай болбой", "Мен да баткендикмин, уялдым", "Мындай болбойт да" жана башка пикирлер жазылууда.


Азыр Элдер олгон го.Биздин мезгилде мынчалык эмес эле ,кутподум озумдун жердештеримден мындайды .Тем более азыр жылдан-жылга онугуп ,озубузду остуруп жатабыз .Мындай кылган такыр туура эмес да.Ош базарга барганда да тазалыкты сактайлычы ,суранам жакындарынардан сурангылачы же коруп калсанар айткыла анткени озубузду озубуз булгабайлы)