super.kg logo

Бишкектеги №6 бала бакчанын оңдоо иштери аяктап, балдарды кабыл алууга даяр

 

Бишкектин №6 кичи районундагы бала бакчасында капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады жана балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бала бакчанын аянты 1,573 чарчы метрди түзөт, анда балдар үчүн 140 орундуу 6 топ каралган.

"Жаңыланган мектепке чейинки билим берүү уюмун мугалимдер, шаардыктар, борбордун вице-мэрлери Айжан Чыныбаева, Азамат Сагындык уулу жана Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев ачышты.

Бул жерде ички жана тышкы оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, инженердик тармактар: жылуулук трассалары, канализация, суу жана электр тармактары алмаштырылды. Ошондой эле ашканага, кир жууганга шаймандар алып келинип, эмеректер жана видео көзөмөл тутуму орнотулду", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Ошондой эле шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын буйругу менен Мээрим Курманбаева бала бакчанын директору болуп дайындалды.

Эске салсак, 2019-жылы муниципалдык жана менчик кызматынын кызматкерлери бала бакчанын имаратын шаардын карамагына кайтарып беришкен. Буга чейин имараттын бир бөлүгүн ижаралык негизде Октябрь районунун социалдык фондунун филиалы ээлеп турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: