super.kg logo

"Садыр Жапаров "өз" жана "жат" деп бөлбөйт" дейт президенттин басма сөз катчысы. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 9-март, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Ак Үйдүн алдында митинг өттү
Бүгүн Ак Үйдүн алдында митинг өттү. Анда "Легитимсиз парламент таркасын", "Конституциянын жаңы долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун" деген талаптар айтылды.

Уюштуруучу, активист Жеңиш Молдокматов митингдин талаптары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп жатат. Анын бири Конституциянын кабыл алынышы. 3-мартка чейинкисин айтпасак да белгилүү. Тилекке каршы, 3-мартта парламентте өтө одоно мыйзам бузуулар орун алды. Конституциянын жаңы долбоорун эмес, референдум жөнүндө жаңы мыйзамга алдоо жана мыйзам бузуулар менен жаңы Конституциянын долбоорун тиркешти. Бүгүнкү күндө өлкөдө конституциялык төңкөрүш орун алды. Президент Жапаровдун жана парламенттин демилгеси, анан кошоматчылыгы толугу менен бийликти узурпациялоо процесси башталды. Мына ушуга каршы бүгүн тынчтык митингине чыгып жатабыз.

Төрт негизги талабыбыз бар. Биринчиси, легитимсиз парламент таркашы керек. Экинчиси легитимсиз парламентти бюджеттен каржылоо токтотулушу зарыл. Үчүнчү президент Жапаров эл алдында сөз бергендей парламентти таркатып, жаңы парламенттин шайлоосун дайындашы кажет. Төртүнчү жаңы парламентке жаңы адамдардын колу менен конституция жазылып, кеңири форматта талкууланып, бүгүнкү күндөй Ак Үйдүн ичинде жашынып, баарынан жамынып анан алдоо жолу менен кабыл алынбастан референдумга коюлушу керек", - деп билдирди Молдокматов.

Митингге чыккандарды колдоп келген экс-депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин конституциялык өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алышы, референдум жөнүндө мыйзамды карап жатканы мыйзамсыз днген пикирлерге кошуларын билдирди.

"Азыр Жогорку Кеңештин курамы толугу менен конституциялык өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Анан референдум жөнүндө мыйзамды карап жатат.

Бул жерде топтолгон жарандарыбыз ушул кадамдарын мыйзамсыз деп таап жатат. Мен ушул пикирге кошулам. Менин жеке пикирим боюнча, азыр жасап жаткан кадамдар, конституциялык реформа кыйшык жол менен кетип баратат. "Эл 10-январда добуш берди" деген жүйө менен шылтоолоп жатышат, бул эч кандай мыйзамга дал келбейт.

Себеби эл добуш берген күндө деле алар "мыйзамсыз кабыл алгыла" деп айткан жок да. Тескерисинче, "мыйзам жолу менен, туура кабыл алгыла" деп айткан. Ошондуктан ушул жерде жыйналган элдин талабы - бул азыркы Жогорку Кеңештин курамы ишмердүүлүгүн токтотсун, алардыкы 28-октябрда бүткөн. Демек, кайрадан шайлоо дайындап туруп конституциялык укугун өткөрсө, мен мисалы конституциялык реформага каршы деп айта албайм, себеби референдумга 10-январдан кийин баш ийиш керек. Бирок жол-жобосун, мыйзамдуулугун сакташ керек", - деди Масалиев.

Митингге депутат Дастан Бекешев дагы келди. Ал Конституциянын долбооруна каршы экенин SUPER.KG порталына билдирип, парламент таркасын деген талапты ал күзүндө эле айтканын белгиледи.

Айбек Мырза кызматынан кетиши боюнча: "Саясий чечим болду"
Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Мырза социалдык тармакка кызматтан кетиши боюнча билдирүү жазды.
"Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду. Жер Үй боюнча карманган позициям себеп болду деп эсептейм. Кыргыз элине кызматымды уланта берем. Алдыда көп иштер бар.
Эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздер менен сыймыктанам. Баарыңыздар өз ишин мыкты билген кесипкөй кызматкерсиздер. Баарыңыздарды жакшы көрөм.
Оор күндөрү колдоп жүргөн бардык тилектештериме, досторума терең ыраазычылык билдирем.
Жакында Жер Үйдөгү мыйзам бузуулар, эл аралык таасир, саясий интригалар жана башкалар боюнча кенен пресс-конференция берем.
Садыр Нургожоевичке өлкөбүздөгү оор күндөрү Талас облусуна жоопкерчиликтүү кызматка дайындаганы үчүн ыраазычылык билдирем", - деп жазды Айбек Мырза.
Буга чейин Айбек Мырза өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган. Анын ордуна Бакытбек Нарбеков дайындалды.
Президенттин басма сөз катчысы "Садыр Жапаров "өз" жана "жат" деп бөлбөйт" дейт

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек айрым адамдардын Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары жөнүндө билдирүүлөрүнө комментарий берди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Акыркы убактарда медиа мейкиндигинде президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барган делген адамдардан бир топ билдирүүлөр пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле "өз" жана "жат" деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок", - деди Галина Байтерек.

Галина Байтерек баса белгилегендей, мамлекет башчысынын аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери үчүн өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

"Мен бардык Кыргыз жарандарын президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү. Бул сыяктуу аракеттер жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагым. Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган", - деди Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун "ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, ал жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт" деген сөзүн дагы бир жолу эске салды.

"Чындыгында, акыркы он жылда кыргыз эли мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышканына көнүп калган. Анын үстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып, кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалып соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандары биригиши керек. Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек. Дагы бир жолу кайталайм, жүрүп жаткан жана пландаштырылган реформалардын бардыгы дал ушуга багытталган, эми бул аракеттердин баары ишке ашуусу үчүн жарандардын колдоосу өзгөчө маанилүү", - деди Галина Байтерек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: