Режиссёр Садык Шер-Нияз социалдык тармактагы баракчасы аркылуу атайын оорукананын кардиология бөлүмүнүн адистерине кайрылуу жасады.
Ал дарыгерлердин орой мамилесине нааразы болуп, кесиби дарыгер болгондон кийин биринчи көңүлдү дарылоо керек деген пикирин билдирди. "Кардиология бөлүмү этика жагын оңдобосоңор, анда силер айыктырбай эле аңга түртө баштайт окшойсуңар. Соо адамга ошончо алкынсаңар, ооруп жаткан кишини оңдурбайсыңар го", - деген пикирин калтырып, окуянын чоо-жайын баяндап берген.
Текст өзгөртүүсүз берилет.
"Бексултан байке (ред.Жакиев) бир аз ооруп калыптыр деп Таалай (Кулмендеев) айтканынан көрүп келели деп бутубузга бахила кийип, мурдубузга беткап тагынып, 3-кабат дегенинен кардиология бөлүмүнө баш бактык. Аңгыча эле "Силер кимсиңер! Эмне кылып жүрөсүңөр!" деген өктөм үн чыгып калды. Чынын айтайын, өктөм сүйлөгөндөрдү жактыра бербейм. Алдымда жапалдаш бойлуу, чачы кыска, бети тултугураагынан келген, жашы 55тердеги ак халатчан, бетине меникинен да чоң беткап тагынган аял киши туруптур.
Адатымча мен дагы “Эмне кыйкырасың!” деп айтып жиберейин деп кой кантсе да оорукананын ичинде кыйкырышып жүрбөйлү деп сылык баарлашууга үндөп, Бексултан Жакиевге жолугалы дедик эле дедим (болушунча сыпайы). "Кайсы Бексултан!". Ушунусу такыр жакпады. Ушул жерде иштесе, болгону драматург көзгө басар баатыр аксакалыбызды “Кайсы Бексултан!?” дегени жакпады.
Аял киши экен, анын үстүнө кечээ эле 8-март болду эле деп андан ары да болушунча сылык болууга аракеттенип жаттым. Дене табы көтөрүлүп жатат, карантин, дагы бир ушундай сөздөрү менен киргизе албайбыз деди. Кызык, карантин болсо эмне үчүн эшик ооздон киргизишет? Ошол жерден эле карантин деп эч кимди киргизбей коюш керек да. Ошондой болгон күндө да эмне үчүн кыйкырып, өкүрүшү керек келген кишиге? Бул нерсени бери эле жерде “непрофессионализм” десе жарашат. Анткени профессионал өз кесиби врач болгондон кийин биринчи көңүлдү дарылаш керек да.
Эч нерсе дебедим, акырын эле чыгып кеттик. Бир нерсе айтсаң эле айкырганга даяр турат. Оорукананы башыбызга көтөрбөйлү, теңелбейли деп чыгып кеттик. Сырттан телефон чалып, Бексултан байкеге түшүндүрүп, кире албай калганыбызга кечирим сурадык. Көрсө дене табы деле жок экен. Акыркы жолу ченегенде 36,7 градус болгонун айтты. Эмнеге жазып жатканым, Элмирбекти да эстеп кеттим окшойт. Анда да алешемдик болду деп суроо салсам (анда депутат элем) карганып беришти эле. Баарыңарды жамандай албайм, бирок кардиология бөлүмү этика жагыңарды оңдобосоңор анда силер айыктырбай эле аңга түртө баштайт окшойсуңар. Соо адамга ошончо алкынсаңар, ооруп жаткан кишини оңдурбайсыңар го", - деп аяктаган ал сөзүн.
Бирок негизи биздин Элде сылыктык жок , основной мамлекеттик жерлерде,коммуникабельность,бул азыр эн негизги нерсе ,ар бир адамдын конулу баалуу ,ошого уйронсок ,ар бир адамды да озубуздой ойлосок болмок бирок.Бирок кээде ситуация да ошого такап коет