Бишкекте күндүз жылуу болот. 10-мартка карата аба ырайы
Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 10-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Бишкек шаарында кечке маал жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +13…+15 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-31

10:10
2025-07-31
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.