super.kg logo

Айрым уюлдук телефондун ээлери WhatsApp мессенжерин колдоно албай калышат

 

WhatsApp мессенжери iPhone уюлдук телефонунун эски үлгүсүндө иштебей калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, IOS тиркемесинин акыркы iOS 9 жана андан төмөнкү версиясында аталган мессенжер иштөөсүн токтотот. Мындай маалыматты WhatsApp социалдык тармагы расмий түрдө тактай элек.

"Учурда эки iPhone моделинин ээлери жакында WhatsApp тиркемесин колдоно албай калышат. Алар iPhone 4 жана iPhone 4S. Натыйжада, тиркеме жаңыланууну талап кылат же иштөөдөн баш тартат. Ошол себептүү IPhone 5, 5S, 5C жана мындан дагы жаңы үлгүдөгү телефондордун ээлери WhatsApp'ты колдонууну улантуу үчүн мүмкүн болушунча эртерээк жаңылоосу керек", - деп билдиришкен адистер.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта WhatsApp мессенжери Android 4.0.3. сыяктуу бир катар үлгүдө иштөөнү токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: