super.kg logo

Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы белгиленет

 

Бишкекте казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата салтанат өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, акындын 175 жылдыгына карата 10-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Миң таазим Абай акынга" аттуу чоң программадагы концерт уюштурулат.

"Иш-чарага Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жана Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев катышат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөр адамдары талантын тартуулашат. Концерт саат 18:30да башталат", - деп жазылат маалыматта.

Абай Кунанбаев - казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: