Эки ай аралыгында Свердлов району боюнча 243 миллион 800 миң сом салык төлөмдөрү чогултулду
Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө Свердлов району боюнча 243 миллион 800 миң сом суммасында салык төлөмдөрү жана жыйымдары чогултулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Свердлов райондук администрациясында башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматовдун жетекчилиги алдында киреше боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.
"Жыйында жергиликтүү бюджеттин эки айдын ичиндеги киреше бөлүгүн аткаруу маселеси каралып, март айына карата милдеттер талкууланды. Райондук кызматтар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну улантууда жана Свердлов району салык чогултуу планын аткарды. Бюджеттин киреше бөлүгүнө аталган район боюнча 243 миллион 800 миң сом суммасында салык төлөмдөрү жана жыйымдары чогултулуп, пландын аткарылышы 112,4 пайызды түздү", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Октябрь районунда эки айлык план 102 пайызга аткарылган.

