"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.
Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.
Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби өкмөттүн чечими менен белгиленет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

