Чөнтөк уурулардан кантип коргонсо болот? Ысык-Көл ОИИБи жарандарга кеңеш берет
2021-жылдын 2 айында Ысык-Көл облусунун шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө 17 чөнтөк уурусу жана 97 уюлдук телефондорду уурдоо фактылары катталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен чөнтөк уурулуктун алдын алуу абдан маанилүү жана жеңил:
- Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук унааларда буюмуңузга өзгөчө көңүл бөлүңүз.
- Капчыгыңыз чөнтөк уруулардын көңүлүн бура турган абалда ачык жерде болбосун.
Уюлдук телефонуңузду бейтааныш адамдарга берүүдөн оолак болуңуз.
- Коомдук жайларда уюлдук телефонду жипке байлап же мойнуңузга илип алуунун кажети жок. Андан көрө кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуз.
- Көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдо, отургучта жана кийим чечкен бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз.
- Буюм сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы катары төш чөнтөктөрдү колдонуңуз. Мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатпай уурдай алышпайт.
- Сумкаңыздын сыдырмасын бекитүүнү унутпаңыз жана эл көп жайда өзүңүзгө бекем кысып алып жүрүӊүз.
- Эч качан акча салынган капчыкты соода арабасына салбаңыз;
- Артыңызда же капталыӊызда турган адамдарга ар дайым көз салып туруңуз.
- Үйдөн чыгып жатканда капчыгыңызда канча акча бар экенин эсептеп алыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз.
- Капчыктагы акчаны элдин көзүнчө эсептебеңиз.
Эгер сиз чөнтөк уурулардан жабыр тарткан болсоңуз же болбосо кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо ички иштер органдарына 102 байланыш телефону аркылуу байланышыңыз.

