super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы вакциналар качан келет? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

 

Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөгө коронавируска каршы вакциналардын келишин күтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республикалык эмдөө борборунун врач-эпидемиологу Азим Кыргызбаев билдирди.

"Биздин өлкөгө вакциналар жакынкы арада келиши күтүлүүдө. Так датасы белгисиз. Вакциналардын келишине даярдык көрүп жатабыз. Келген соң дароо эмдөөлөрдү баштайбыз. Атайын этап-этап менен бөлүп койгонбуз. Эмдөөнү биринчи кезекте медициналык кызматкерлер, мугалимдер, ИИМдин, Чек аранын жана социалдык кызматкерлер алышат. Экинчи этапта 65 жаштан өткөн адамдар алышат, үчүнчү этапта калган жарандарыбызды эмдейбиз. Бизге келе турган вакциналар Орусиядан келгени жатат жана бул вакциналарды эки механизм менен сатып алып жатабыз. Биринчиси мамлекеттик бюджеттен жана COVAX механизми аркылуу вакциналарды тандап, арыздардын үстүндө иштеп жатабыз. COVAX механизми аркылуу алына турган вакциналар болсо биргелешип каржылоо деп койсок болот ошол механизм аркылуу алынганы жатат. Эмдөө боюнча глобалдык альянс деген уюм бар вакцинанын жарым жартылай баасын төлөөгө жардам кылып жатышат. Жалгыз эле вакциналарды гуманитардык дей албайбыз, анткени мамлекеттик бюджеттен дагы көп каражат сарпталып жатат", - деди Кыргызбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: