Бишкектеги жолдордун чуңкурларын оңдоо иштери башталды (сүрөт)











"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоо иштерин башташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Биз 2021-жылдын өндүрүш планына ылайык жолдорду оңдоо иштерин баштадык. Биздин асфальт-бетон заводубуз иштей баштады, болжол менен 35 тонна асфальт чыгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.
10-мартта борбор калаанын төмөнкү кесилиштериндеги жолдордун чуңкурлары оңдолду.
• Абдрахманов көчөсү жана Чүй кең көчөсү;
• Чүй кең көчөсү жана Павлова көчөсү;
• Орозбеков жана Абдымомунов көчөлөрү;
• Панфилов көчөсү;
• Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрү.
Ошондой эле көчөлөрдүн тизмелери шаардыктардын ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы кайрылуулары, комиссиялык иш сапарлардын жыйынтыгы жана облустук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде түзүлгөндүгү белгиленди.

