Мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын саны 400 миңден ашты
Ушул жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын жалпы саны 456 миң 500 адамды түзгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөк пул алуучулардын саны 349 миң адамды түздү.
“Социалдык жөлөк пул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ай сайын жөлөк пул алуучулар – 96 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул "балага сүйүнчү" алуучулар – 11 миң адамды түздү. Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун орточо өлчөмү 868 сомду түзгөн.
Социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3 миң 41 сомду түздү. Мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен жалпы суммасы 662 миллион 800 сом акча каражаты каржыланган. Алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулду төлөөгө – 311 миллион сом, социалдык жөлөк пулду төлөөгө – 307 миллион 300 сом, “балага сүйүнчү” жөлөк пулу – 44 миллион 500 миң сом каржыланган.

