super.kg logo

Бишкекте иштебеген батарейкаларды кабыл алуу пункттары ачылды

 

Иштөөдөн чыгып калган батарейкалар жер астындагы сууларды оор металлдар менен булгайт. Ошондой эле айлана-чөйрөгө сымап, кадмий, коргошун жана оор металлдардын туздарын бөлүп чыгарып, нерв ооруларынан залалдуу шишик дартына чейинки көптөгөн ооруларды чакырат.

Бишкекте мындай кооптуу таштандыларды талаптагыдай жок кылуу иштери башталды. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева тарабынан белгилүү болду.

"Иштебей калган батарейкаларды кабыл алуу пункттары шаар боюнча ачык. Мындан ары жараксыз болуп калган батарейкалар Горький менен Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Жибек Жолу менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде, Сухэ Батор көчөсүндө (Фрунзе дүкөнүнүн жанында) жана 7-Апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Бишкек Петролиум" май куюучу жайларында кабыл алынат", - деди Каракеева.

.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: