super.kg logo

180 миң доллар алышкан. УКМКнын жетекчилигинин атын жамынып алдамчылык кылышкан

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө каражат алгандар кармалды. Аталган комитеттен кармалгандар кылмыш ишти оң жагына чечип беребиз дешип 180 миң доллар каражат алганын билдиришти.

"УКМКнын жетекчилигинин атынан шектелип жаткан адамдын туугандарынан кылмыш ишине карата оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан. Аталган факты 204-берене (алдамчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

9-мартта жогорудагы кылмышка шектүүлөр 1972-жылы туулган К.А. жана 1978-жылы туулган М.К. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

Жогорудагы адамдардын алдамчылык аракеттерине чалдыккан жарандар болсо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылыңыздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Байланыш номери: 0312 66-04-75.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.03.2021. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөтүн бекитип коюп жардам сураганын ар кандай?
Сүрөтүн жакшы коргозгуло андан кийин таанып билгендер, жапа тарткпндар кайрылгыла дегиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: