super.kg logo

Блогер Элмир Сыдымановдун соту. Башкы прокуратура койгон айыптан баш тартты

 

Блогер Элмир Сыдымановдун соту уланууда. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган. Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты. Бул тууралуу 10-мартта сот процессинин жүрүшүндө белгилүү болгонун блогер Элмир Сыдыманов билдирди.

"Сот отурумунун жүрүшүндө соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес. 2021-жылдын 10-мартында прокуратуранын мамлекеттик айыптоочусу Жазык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күнөөлөдөн баш тартты", - деди блогер.

Окуянын чоо-жайы:

Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган.

28-февралда ал үй камагына чыгарылган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керектигин айтып, соттук териштирүү анын жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Буга чейин Сыдымандын соту 12-ноябрга белгиленип, ал Садыр Жапаровдон жардам сураган.

Эске салсак, 2020-жылы 16-мартта Элмир Сыдымановго карата козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.03.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
кылмышы оорлорду ушунча соттоп, соттон сотко сүйрөсө кандай жакшы болот эле, бул бала бир киенедей сөздөн жаңылыптыр, кечирим берип койсо болбойбу не. Башка ачылбай жаткан кылмыштар канча?, мындан да оор, ууручулук, паракорчу, зорлук-зомбулук дагы көптөгөн кылмыштар ачлбай жатпайбы.
10.03.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыйкат чечим болбоптур. Бул кызтекенин ар бир видеосунда бөлүнүп жарылууларга үгүттөгөн видеолору толтура эле турбайбы. Сокур адам деле көрмөк
10.03.2021. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Суканы 1 жылга камаш керек эле да
10.03.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул туштуктук жарандарыбызды адам ордуна корбойт. Олумуш болуп калганычы дагы. Эркекче суйлочу эленго керсейип. Эми эркекче болда.
10.03.2021. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эскертүү бергенди да, кийинкисинде кеилесин деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: